Ага ылайык, эми жеке ишкерлер ар бир жалданган жумушчу үчүн төлөнчү белгиленген салыктан бошотулат.
Андан тышкары калкынын саны 5 миң кишиден ашпаган конуштарда чач тарач, буюртма менен кийим тигүү, бут кийим оңдоо жана коомдук мончо өңдүү кызматтарды көрсөтүү ишканаларын ачкан жеке ишкерлер 2023-жылга чейин бардык салык түрлөрүнөн бошотулат.
Аны менен катар алгачкы жолу жеңилдетилген шарттар менен кичи насыя алган жеке ишкерлер 6 ай белгиленген салыкты төлөшпөйт.
Токтомго ылайык, үй-бүлөлүк субъектилер дагы жеңилдиктерге ээ болушат. Эми алар юридикалык билими бар адамдын катышуусуз эле үчтөн ашпаган туруктуу жумушчу жалдап, алар менен эмгек келишимин түзүү, ошондой эле үй-бүлөлүк ишкерликтин субъектиси катары эмгек жашына жеткен жакын туугандарын жумушка тартуу укуктарына ээ болушат.