Москвада сексуалдык мүнөздө аракет жасаганга шектелип кыргызстандык кармалды

15:07, 17 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Москва полициясына ТАСС маалымат агенттигинин кызматкери арыз менен кайрылып, белгисиз бирөө ага карата сексуалдык мүнөздө аракет жасагандыгын билдирген. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жабырлануучу кыз кыйкырганда, белгисиз жаран качып кеткен. Азиат улутундагы кылмышка шектүү, 30-35 жаш курагында, бою 165-, чымыр денелүү, чачтары кыска болгон. Окуя болгон күнү көк тустөгү футболка жана көгүлтүр жинсы шым кийип жүргөн.

Окуяга шектүү делип кыргызстандык эч жерде иштебеген Дастан Арапов кармалды. Учурда анын окуяга тийиштиги барбы же жокпу, иликтөө жүрүп жатат.