Чүй облусунун айрым райондорунда газ берүү токтотулат

11:19, 17 июля 2018, Бишкек - 24.kg

17-июлдан 19-июлга чейин Чүй облусунун айрым райондорунда газ берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу 17-18-июль күндөрү Төмөнкү Ала-Арча айылында (Коллекторная, Панфилов, Завод, Совет көчөлөрүндө), 18-19-июлда Маевка айылында (Жаш Гвардия,Тепличная, Скворцов, Восточная көчөлөрүндө), 18-19-июлда Орто-Сай айылында (Иманалиев, Ормокоев, Рысмендиев көчөлөрүндө) газ берилбейт.