Бишкекте кыздар арасында футбол боюнча эл аралык мелдеш башталат

10:33, 17 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыздар арасында футбол боюнча эл аралык мелдеш башталат. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.

«Надежда» аталышындагы бул мелдеш 2019-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна тандап алуу туруна даярдык катары өткөрүлүүдө. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жаштар курама командалары катышат.

Спорттук иш-чара 21-июлга чейин уланат.