07:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жашар баланы издөө иштери улантылууда

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жашар баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

13-июль күнү Бишкек шаарынын 1-Май районунун Ленская көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган П.М. аттуу бала чөгүп кеткен. Баланын сөөгү дагы эле табыла элек.

ӨКМнын маалыматында, издөө иштерине Сокулук районунун № 23 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучучу жана Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды.

Эң көп окулган жаңылыктар