Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча эл аралык турнирде баш байгени жеңип алды

17:31, 16 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча эл аралык турнирде баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу күрөштүн бириккен дүйнөсүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, спортчу 59 салмак категориясында беттешке чыгып, АКШ, Орусия жана Казакстандык балбандарды жеңди. Эми Айсулуу Тыныбекова алдыда боло турган Азия оюндарына камдана баштайт.

Эске салсак, спорттук иш чара Испанияда болду.