Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктаганга шектүү делген 2 жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Токтогул РИИБге, аталган райондун Өзгөрүш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 2001-жылы туулган кызын белгисиз балдар ак түстөгү автоунаага салып кетишкенин айткан. Анда кылмышка шектүүлөр унаанын ичинен кызды зордуктап койгондугун билдирген.
Окуяга шектүү делип Өзгөрүш айылынын тургундары 1997-жылы туулган Н.уулу.Ш. жана К.уулу.С. колго түштү. Кармалгандар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышып, иликтөө иштери бүткөнгө чейин 2 айга камакка алынды.