Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок. Айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

14:33, 16 июля 2018, Бишкек - 24.kg

«Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок» аттуу республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Маалыматка караганда, калыстардын тандоосу боюнча баш байгени Кубат Тукешов, 1-орунду Асылбек Маратов, 2-орунду Изат Айдаркулова, 3-орунду Абдылда Нуралиев ээледи.

Ал эми акындарды тандоодо Күмөндөр Абылов, Садак Алахан, Шайырбек Абдрахманов, Зайырбек Ажыматов, Олжобай Шакир калыстык кылышты.