Ошто 5 жашар кыз сууга агып каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 5 жаштагы Акбермет аттуу кыз таенеси менен Ош шаарына караштуу Озгур айылына конокко келген. Ал каналдын жээгинде ойноп жатып сууга агып кеткен.
Алдын ала алынган билдирүүгө ылайык, каза болгон кыздын ата-энеси ажырашып кеткендиктен, ал таенесинин колунда тарбияланып жаткан.