Ошто 5 жашар кыз сууга агып каза тапты

14:11, 16 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ошто 5 жашар кыз сууга агып каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5 жаштагы Акбермет аттуу кыз таенеси менен Ош шаарына караштуу Озгур айылына конокко келген. Ал каналдын жээгинде ойноп жатып сууга агып кеткен.

Алдын ала алынган билдирүүгө ылайык, каза болгон кыздын ата-энеси ажырашып кеткендиктен, ал таенесинин колунда тарбияланып жаткан.