Чоң Чүй каналына 6 жашар бала чөгүп кетти

10:22, 16 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган П.М., аттуу бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, издөө иштерин куткаруучулар менен бирге туугандары жүргүзүшүүдө.

Азырынча издөө иштеринде эч кандай натыйжа жок.