09:52, 16 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай айыл аймагында 20 сотых жерде өсүп турган кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, шаар аймагында 600 түптөй жапайы кара куурай тартип сакчылары тарабынан өрттөлдү.
Эске салсак, кара куурайды жок кылуу иш чаралары Жалал-Абад облусунун башка аймактарында да жүрүүдө.