01:37
USD 69.08
EUR 81.24
RUB 1.05

Көчмөндөр оюндары. Параддык кийимдерге 2 миллион сомдон ашуун каражат коротулат

Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары үчүн параддык кийимдерге 2 миллион 380 миң сомго жакын каражат коротот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.

Маалым болгондой, катышуучулар үчүн 138 комплект параддык кийимдерди сатып алышат. Алардын ичинен 111и эркектер үчүн, 37си аялдар үчүн. Машыктыруучуларга 30 комплект, ошондой эле уюштуруучу комитетке 80 комплект керектелет.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, айымдар үчүн кемсел, узун этектүү көйнөк жана улуттук баш кийим алынат. Спортчу айымдардын кемселдери күрөң түстө, ал эми уюштуруучу комитеттики көгүш түстө болмокчу.

Уюштуруу комитеттин эркек мүчөлөрүнө көйнөк, шым жана пиджак тигилет. Спортчулар менен машыктыруучуларга кемсел алынат. Ал эми баардык катышуучуларга ак калпак тигилет.

Кошумчалай кетсек, спортчулар менен волонтерлордун кийимдерине 3,1 миллион сом чыгымдалат.

Эң көп окулган жаңылыктар