11:31
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу аз

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,7 миллиард кубометрге жетти. Бул тууралуу экономика тармагын жана калкты жылуулук мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын отурумунда Өндүрүш, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Улан Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиардга аз. Эске салсак, былтыр аталган суу сактагычтагы суунун көлөмү 19,4 миллиард кубометрге жеткен.

«Бул биз үчүн олуттуу сигнал. Биз керектүү 19 миллиард кубометрге чейин жеткиришибиз керек», —деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.  Ал электр энергиясындагы жоготууларды жана энергокомпаниялардын дебитордук карыздарын төмөндөтүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар