17:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Молдовановкадагы № 1 түзөтүү колониясында жоокер өзүн атып алды

Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы № 1 түзөтүү колониясында кызмат өтөп жаткан жоокер өзүнүн жаак сөөгүнө ок чыгарды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, жоокер кароолдо турган. Ал кокустан автомат менен өзүн атып алган. Учурда жабырлануучу ооруканада жатат.

Окуя бүгүн, саат 16:00дө болду.

Эң көп окулган жаңылыктар