Нарында көп кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти

11:26, 13 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын шаарында көп кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп, подъездин эшигин жаап калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Фото

Маалым болгондой, Нарын шаарынын Кулумбаев көчөсүндөгү  көп кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп ал 2 унаанын үстүнө кулап түшкөн. Куткаруучулар  турак үйдүн учкан чатырын коопсуз жайга жылдырып беришти.

Жабыркагандар катталган жок.