22:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Базар-Коргондо 51 гектар аянттагы куураган чөп жана 1148 түк чөп өрттөндү

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда 51 гектар аянттагы куураган чөп жана 1148 түк чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Акман айылындагы ачык аянттагы чөптөр күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 18 куткаруучу жана жергиликтүү калктан 10 киши тартылган.

Тилсиз жоонун келип чыгышына отко этиятсыздык менен мамиле кылуу себеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар