Базар-Коргондо 51 гектар аянттагы куураган чөп жана 1148 түк чөп өрттөндү

11:07, 13 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда  куураган чөп жана 1148 түк чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Акман айылындагы ачык аянттагы чөптөр күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 18 куткаруучу жана жергиликтүү калктан 10 киши тартылган.

Тилсиз жоонун келип чыгышына отко этиятсыздык менен мамиле кылуу себеп болгон.