Ысык-Көл районунда сел жүрүп, 10 үйдүн короосун жана айылдын мүрзөсүн каптады

10:50, 13 июля 2018, Бишкек - 24.kg

12-июлда Ысык-Көл районундагы катуу жааган жаандан улам Чок-Тал айылындагы мүрзөнү, Тамчы айылындагы 10 үйдүн короосун жана аэропорттун учак конуучу жолунун аянтын сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, нөшөрлөп жааган жаандын суусу каналга батпай калган. Ошол эле күнү ӨКМнын 30 куткаруучусу, жеке менчик 1 экскаватор, 1 трактор тартылып, каналдын жээктери бекемделди.

Үйлөрдүн короолору жергиликтүү тургундар тарабынан тазаланды.