13:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көл районунда сел жүрүп, 10 үйдүн короосун жана айылдын мүрзөсүн каптады

12-июлда Ысык-Көл районундагы катуу жааган жаандан улам Чок-Тал айылындагы мүрзөнү, Тамчы айылындагы 10 үйдүн короосун жана аэропорттун учак конуучу жолунун 200 метр аянтын сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, нөшөрлөп жааган жаандын суусу каналга батпай калган. Ошол эле күнү ӨКМнын 30 куткаруучусу, жеке менчик 1 экскаватор, 1 трактор тартылып, каналдын жээктери бекемделди.

Үйлөрдүн короолору жергиликтүү тургундар тарабынан тазаланды.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби