18:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бүгүн Бишкек шааардык кеңештин депутаттары Албек Ибраимовдун тагдырын чечет

Бүгүн Бишкек шааардык кеңеши кезексиз жыйын өткөрүүдө. Анда ордо кааладагы кырдаал жана шаар жетекчилигине козголгон кылмыш иштер каралат.

Кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев «24.kg» агенттигине мэр Албек Ибраимовдун ишмердиги дагы талкууларын, ага ишенбестик көрсөтүү сунушу көтөрүлүп жатканын айткан.

Кечээ Албек Ибраимов эки жумага эмгек эргүүсүнө чыккандыгы маалым болду.

Белгилей кетсек, УКМК Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов менен башкармалыктын башчысы Урмат Мурзакановду кармаган. Алар 12-кичирайондогу 3 гектар жерди мыйзамсыз түрдө колдонууга берүү айыбы менен айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар