Москвадагы балдар аянтчасында кыргызстандык аялдын сөөгү табылды

09:16, 13 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Москвадагы балдар аянтчасында кыргызстандык аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Россиянын борборундагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын маалыматында, 24 жаштагы Айгерим. А.нын сөөгү 9-июль күнү Хамовники районундагы Пожарск көчөсүндөгү үйдүн короосунан табылган. Айгерим Ош облусунун тургуну, бир баласын өзү тарбиялап келген.

«Окуя боюнча Москва шаарынын Хамовники райондук прокуратура тергөө башкармалыгы иш козгоду», — дейт ал.

Фото

Алдын-ала билдирүүлөр боюнча, Айгерим өз өмүрүнө кол салды. Анын сөөгү мекенине жөнөтүлдү.