15:07, 12 июля 2018, Бишкек - 24.kg
«Манас» эл аралык аба майданы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 1 миллион 660 миң 875 кишини тейлеген. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, быйылкы көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 343 миң 952 кишиге көп. Аталган аба майдан бул жылы бир суткада орто эсеп менен 9 миң 200 кишини тейлеген.
Ички аба каттамдары менен учкан кишинин саны 607 миң 777 кишиге жеткен. Ал эми эл аралык каттам аркылуу 1 миллион 53 миң 98 киши учкан.
Акыркы 6 ай аралыгында аба майдан аркылуу 14 миң 902 каттам жүргүзүлгөн.