14:51, 12 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын жараны Москва шаарында жасалма паспорту менен кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кыргызстандык 1993-жылы туулган жарандын документтерин текшерүү маалында, анын паспорту жасалма экендиги аныкталды.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда жасалма документти берген органдын үстүнөн иликтөө иштери башталды.