Өзбекстан: миңден ашык кардары балмуздакка ууланган кафенин ээси шарттуу кесилди

13:39, 12 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Анжиян облусунун Боз райондук соту былтыр миңден ашык кардары балмуздакка ууланган «МАКС» деген кафенин ээсине карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

2015-жылдан бери жеке ишкер катары балмуздак жасап сатуу менен алектенген Шахрихан районундагы кафенин ээси Жахангирмирзо Бултирбоев эки жылга шарттуу кесилди.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбордун Анжиян облусундагы бөлүмүнүн маалыматына караганда, кафенин ээси коопсуз экендиги далилденбеген азык сатуу менен алектенген. Андан тышкары балмуздак жасалган имаратта идиш-аяктарды жуу жана бөлмөлөрдү желдетүү үчүн шарттар каралган эмес.

«МАКС» кафесинин кардарлары былтыр майдын ортосунда жапырт түрдө балмуздакка ууланышкан. Жалпысынан 1073 киши ууланып, алардын 200ү ооруканага жаткырылган. Анда 100 адамдын канынан сальмонелла бактериялары табылганы кабарланган.

Кийинчерээк кафе мыйзамсыз иштеп келгени белгилүү болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө балмуздак үчүн аралашмалар кафе ээсинин Анжияндагы үйүндө даярдалганы аныкталган.