Ысык-Көлдөгү эс алуучуларды тоноого келген киши кармалды

11:29, 12 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ИИБсы билдирди.
 
Маалыматка караганда, текшерүү маалында жарандын чөнтөгүнөн марихуана табылды. 
 
«Кармалган жаран Кара-Балта шаарынын 25 жаштагы тургуну болуп чыкты. Буга чейин ал уурулук менен соттолгону тастыкталды. Милиция анын Ысык-Көлдөгү эс алуучуларды тоноого келгендигин аныктап чыгышты», —деп жазылат маалыматта.