22:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Дөң-Алыш айылында 17 жаштагы кызды ала качып кетишти

Чүй облусуна караштуу Дөң-Алыш айылында 17 жаштагы кызды ала качып кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган айылдын тургуну белгисиз бирөөлөр анын 17 жаштагы кызын ала качып кеткенин айтып, милицияга кайрылды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кызды Талас облусуна ала качып кеткени маалым болгон.

Окуяга шектүү катары эки киши кармалды. Ал эми жабырлануучу кыз ата-энесинин колуна өткөрүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар