Кыргызстандын калкын каттоого алуу 2020-жылы жүргүзүлөт

09:12, 12 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоого алуу 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында өткөн Калкты жана турак жай фондун 2020-жылы каттоого алуу боюнча республикалык комиссиянын алгачкы жыйынында белгилүү болду.

Өкмөттүн алдын ала маалыматы боюнча, 2018-жылдан 2020-жылга чейин жалпы кампанияны өткөрүүгө 547 миллион сомдон ашуун каражат керектелет.

Бул каражаттын 62 пайызы кызматкерлердин — каттоого алуучулардын, регистраторлордун, инструкторлордун айлык акысына коротулмакчы.