Жаныбарлардын кутурма оорусу менен ооруган 27 учуру катталды

17:55, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери Кыргызстанда жаныбарлардын кутурма оорусу менен ооруган 27 учуру катталды. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынан билдиришти.

Маалым болгондой, биринчи жарым жылдыкта 1 миң 903 баш уйдан бруцеллез табылды.

Кошумчалай кетсек, 1 миллиондон ашуун малга жана 412 миң итке эмдөө жасалды.