Бассейнде чыр чыгарган УКМКнын кызматкери иштен алынды

17:31, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги үйлөрдүн короосундагы бассейнде чыр чыгарган УКМКнын кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кабыл алынды.

Эске салсак, буга чейин Facebookта УКМКнын кызматкери өз үйүнүн жанындагы бассейнде чыр чыгарып жатканы тууралуу видео тараган. Балдар үчүн арналган сууга кызматкер чумкуп чыгууну чечкен. Анын бул кылыгына кошуналары нааразы болушкан.