16:24, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Москвада «Манас» аттуу чакан кинотеатр ачылды. Анын негиздөөчүлөрү Россияда иштеген кыргызстандык мигранттар.
Кинотеатр Дмитровское шоссе −56 дарегинде жайгашып, жанында мейманкана дагы бар.
Маалыматка караганда, анда жалаң кыргыз тасмалары көрсөтүлөт. Расмий ачылышы 12-июлга белгиленген.
Бул айда «Мегатой 2», «Бажарики 2», «Ата» тасмалары коюлат. Билет баасы 300 рубль.