УКМК жемкорлордон кайтарылган акчадан 95 миллион сомду атайын эсепке которду

15:50, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

УКМК жемкорлук беренеси менен козголгон иштерден өндүрүлгөн акчадан 95 миллион 9 миң сомду атайын эсепке которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.

УКМК акча кайсы коррупциялык иштерден түшкөнүн так билдирген эмес.

Башкы прокуратура да атайын эсепке 39 миллион сом төккөнү белгилүү болду.

Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.