Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар фестивалы уюштурулат

12:18, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар фестивалы болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, фестивалдын максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар саясаты тармагында тажрыйба алмашуу жана келечекте кызматташууга жол ачуу.

Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия мамлекеттеринен келген 18ден 30 жашка чейинки жаштар катышмакчы.

Иш-чара 11-июлдан 15-июлга чейин борбор калаадагы мейманканалардын биринде өтөт.