Сокулукта 10 жашар кыз зордукталды

10:28, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Сокулук районунда 10 жашар кыз зордукталды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине облустук ИИБсынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз 10-июль күнү апасы менен базарга келип, дааратканага барган кезде аны белгисиз киши кармап, зордуктаган.

Кылмыш иши козголду. Бирок, азырынча шектүү кармала элек.