Япония кыргыз ишкер аялдарына 600 миң доллар бөлдү

10:22, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Япониянын өкмөтү кыргыз ишкер аялдарын колдоо иретинде 600 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет.

Ал каражат айыл жеринде ишкерлик, же фермерлик менен алектенген аялдарга берилет. Жалпысынан 15 миңдей үй-бүлөнү камтуу пландалууда.

Программа элеттеги аялдарды колдоо иретинде жүрүп жаткандыгы айтылат.