Унаасы менен Кара-Балта суусуна түшүп кеткен жаран изделүүдө

10:14, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаа  Кара-Балта суусуна түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерде 1992-жыл туулган  А.у.С. аттуу жаран сууга агып кетти.

Куткаруучулар сууга аккан жаранды издешүүдө, азырынча натыйжа жок.