Кыргызстанга дарбызды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасашкандар кармалды

09:38, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга дарбыздарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган Тажикстандын жарандары колго түштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстандын эки жараны көзөмөл-өткөрүү пунктунан сырткары жерден унаасы менен 4 миң 500 тонна дарбызды алып кирүүгө аракет кылышкан.

Текшерүү маалында шектүү жарандардын жүккө карата тиешелүү документтери жок болуп чыкты.

Кармалгандар жүгү менен кошо тиешелүү органдардарга өткөрүлүп берилди.