Камоого алынган депутат Осмонбек Артыкбаев операция болот

08:59, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевди операцияга даярдашууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Айжан Орозакунова билдирди.

Анын айтымында, депутат т учурда Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өтүүдө. Даарыгерлер анын жүрөк жана дем алуу органдарына байланыштуу бир нече диагноз коюшту.

«Операцияга даярдык иштери көрүлүүдө. Ахыбалы оор экенин айтышты», — деди Айжан Орозакунова.

Эске салсак, буга чейин УКМКдан камактагы депутат ооруканага жеткирилгенин кабарлашкан. Осмонбек Артыкбаевге Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн ТВЕА менен түзүлгөн келишимдин алкагында айып тагылган.