17:36, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Бишкектеги Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-июлдан тарта Үмөталиев көчөсүнүн Рыскулов көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабык болот.
Ремонт иштери 12-августка чейин уланат.