00:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ысык-Көл. Сезондо эс албай акча тапкандар

Жайдын ысык аптабында көпчүлүк көлгө эс алууга агылса, жергиликтүү тургундар үчүн жумуш кызыйт. Көлгө жакын үйлөр туристтерди кабыл алып, алысыраак айылдын тургундары жээкте соода сатык, же башка кызмат аркылуу каражат табат. Айрыкча балдар мектеп каникулу учурунда иштеп калуу аракетин көрүшөт.

5 жашар Айпериге суроо-талап күч

5 жаштагы төөнүн ысымы Айпери. Ысык-Көлдүн Боз-Тери айылына мурда-кийин келип жүргөндөр бул жаныбарды жакшы билишет. Чоңдор акы төлөп жаш балдарын төөгө мингизип, өздөрү жанына эстеликке деп сүрөткө түшүшөт. Чөл жаныбары кишинин көптүгүнө көнүп да калган. Мүнөзүн көргөзүп, айрым жаныбарлардай кол салбайт.

Фото Айпери төөсү менен

Төөнүн кожоюну Турусбек Акебаев 2 кызын төөгө мингизип, колуна фотоаппаратты алып таң эрте көл жээкке келет.

«Кичүү кызымдын аты Айпери. Ал 4 жашка чыкканда азыркы төө жаңы туулган. Кызым ага өзүнүн ысымын ыйгарган болчу. Ошондон бери экөөнүн аттары окшош. Бул төөнүн энесин Нарындан алып келгем. Төө пайдалуу киреше гана алып келет, чыгымы жок. Көл жээгиндеги тикенектерди, чычырканактарды жеп азыктанат. Ал эми сүтү рак ооруларына дабаа», — дейт төөнүн ээси.

Турусбек Акебаевдин айтымында, төө бакканына 30 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта бир канча төөнү багып, колго үйрөткөн. Учурда сезон жаңы башталып, чакан бизнеси жүрүшүп жатканын айтат.

Кызуу абалда келип чатырдын акчасын төлөбөй койгондор да болот

9-класстын окуучусу Исхак Таалайбек уулу Боз-Теринин тургуну. Акыркы 2 жылдан бери көлдө эс алгандар үчүн чатырларды ижарага берип каражат табат.

«Киреше аба ырайына жараша болот. Кээде кардарлар пансионтаттан болобуз деп, же кызуу абалда келип акчасын төлөбөй койгондор да болот. Атаандаштар көп. Бир күндө орто эсеп менен 10 чатырды ижарага берем», -дейт ал.

Быйыл балыкчылардын соодасы жай

Руслан Курбанов 10 жылдан бери балык сатат. Ал коңшулаш айыл Семеновкадан бери келип кетет. Айтымында, быйыл соода начар. Русландай болуп балык саткан балдардын саны арбын. Арасында 1-класска жаңы баргандары да бар.

Фото Руслан Курбанов

Кардар талаш

Ал эми Чолпон-Ата шаарынан келген Бегенбай Шербакунов скутерди ижарага берет. Тилекке каршы анын атаандаштары ага чейин келип кардарларды бөлүп алышкан. Айтымында, дайымкы кардарларга жеңилдиктер каралып, арзандатуулар болуп турат.

«Менин азырынча кардарларым жокко эсе. Бирок, 2 же андан ашык киши болсо арзаныраак кылып берем», -деди ал. 

Фото Медер Таабалдиев

Журналисттерден туристтерди качырбоону өтүнөт

Көл жээгинде мөмө-жемиш сатып жүргөн жергиликтүү киши журналисттерге нараазы. Ал жалпыга маалымдоо каражаттары туристтерди качырып, соодасын солгундатып жатканын айтат.

«Ысык-Көлдүн аба-ырайы тез бүркөлүп, тез ачылат. Тоолуу жерлерде жаан жаап, ал тургай мөндүр уруп кеткен учурлар болот. Жакында эле 5 мүнөткө жетпеген жаан жаап, артынан мөндүр жааган. Аны билермандар интернетке кар жаады деп киргизип коюптур. Аны окуган туристтер көлгө келмек беле?», -деп кейийт.

Акыркы 5 жыл аралыгында Кыргызстанга келген туристтердин саны 6,2 пайызга көбөйгөн. Туризм Департаментинин башчысы Азамат Жаманкуловдун «24.kg» агенттигине билдирүүсүндө, былтыр Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин саны 4 жарым миллионго жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар