Орусияда кыргызстандык 30га жакын жаран эч себепсиз кармалууда

16:29, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Москванын Таганский районунда полиция кыргызстандык 30га жакын жаранды эч себепсиз кармап алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мигранттардын юристи Валентина Чупик билдирди.

Маалыматка караганда, юристке арыз менен 7 киши кайрылган.

«ИИМдин бөлүмүндө болжол менен 30 киши турат. Полиция кармоо себептерин түшүндүрө элек. Аларды кыргыз болгону үчүн кармашкан», —деди Валентина Чупик.

Ал кошумчалагандай, мигранттарды мыйзамсыз кармоо тез-тезден кайталанып турат.

Бул иш боюнча Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен 30 кыргызстандык эмне себептен кармалгандыгы тууралуу айтып беришти. Маалым болгондой, кыргызстандыктар документтерди текшерүүгө байланыштуу кармалышкан.