Таласта Нылды көлүнө 15 жаштагы өспүрүм кыз чөгүп каза болду

15:12, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Талас облусундагы Нылды көлүнө 15 жаштагы өспүрүм кыз чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Талас районунун Көк-Ой айылындагы Нылды көлүнө 2003-жылы туулган М.А аттуу өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу жиберилген, бирок алар жеткенге чейин кыздын жансыз денесин туугандары алып кетишкен.