Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия оюндарына даярдыкты башташты

15:08, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия оюндарына карата окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Азия оюндарына кыргызстандык мушкерлер Ысык-Көлдө даярдыктан өтө башташты.

Иш чарага 22 мушкер чакырылган.