19:50
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Абдрахманов көчөсүндө жол кырсыгы катталып, кесепетинен 3 киши жаракат алды

Бишкекте Абдрахманов көчөсүндө жол кырсыгы катталып, кесепетинен 3 киши жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3 автоунаа сүзүштү. Анын айынан Жусуп Абдрахманов көчөсүндө унаалар кагышкан аймактан тартып Фрунзе көчөсүнө чейин унаа тыгыны пайда болгон.

Учурда иликтөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби