Жарандык активисттер күзүндө Сооронбай Жээнбековдон жылдык отчет талап кылышат

12:55, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg

«Туруктуу элдик кыймылы» күзүндө курултай өткөрөт. Бул тууралуу маалымат жыйында жарандык активист Айбек Мырза билдирди.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун ишинин жылдыгына жакын октябрь-ноябрь айларында элдик курултай өткөрүлөт. Ага өлкөнүн аймактарынан өкүлдөр чакырылат.

«Биз анда чуулгандуу иштер, шайлоодогу жана андан кийинки убадалар боюнча президенттен сурайбыз», — деди ал.