Ош шаарында тургун 1 килограмм героин менен кармалды

11:51, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында тургун героин менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Салиев көчөсүнөн Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган тургуну кармалган. Аны тинтүү маалында жанынан салмактагы баңгизат табылды.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга алынып келинди.