Кыргызстандагы аткезчилик. Келтирилген чыгым 217 миллион сомду түздү

11:38, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы 6 ай аралыгында мамлекеттик чек арадан товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана чыгарып кетүү боюнча 77 фактынын бетин ачышты. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 9га көп.

Маалыматка караганда, келтирилген чыгым 217 миллион сомду түздү. Анын 63 миллиону мамлекетке кайтарылды. Жалпысынан 72 кылмыш иши козголду.

Аткезчилик жолу менен 2 миң күйүүчү-майлоочу май, 35 миллион сомдук азык-түлүк жана керектелүүчү товарлар ташылып бараткан жеринин кармалган.