Кырсыкка кабылган тик учак. Жабыркаган аскер адамдарынын абалы туруктуу

10:34, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кырсыкка кабылган тик учактын кесепетинен жабыркаган аскер адамдарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 3 аскер адамы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин ооруканасына жаткырылган.

«Жабыркаган аскер адамдары ар кандай жаракаттары менен ооруканага жаткырылды. Керектүү медициналык жардамдарды алып жатышат», — дешти Башкы штабдан.

Эске салсак, 9-июлда тик учак Түштүк Эңилчек аймагынан катуу шамалдын кесепетинен кырсыкка кабылган.