Аламүдүн районунда 24 жаштагы эркек киши көлмөгө чөгүп кетти

10:09, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда 24 жаштагы эркек киши көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-июлда саат 18:37 чамасында Ленин айылында жайгашкан көлмөгө белгисиз жаран чөгүп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.