09:19, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Бүгүнтөн баштап 31-августка чейин Ош шаарында №1 троллейбустун каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-июлдан 31-августка чейин И.Раззаков көчөсүнүн жер астындагы газ түтүктөрүн жаңылоо иштери жүргүзүлөт.
Кошумчалай кетсек, троллейбустун ордуна автобустар каттай баштайт.